Биз менен байланышыңыз

Орусия: Ульяновск шаарында Кыргызстандын 20 жаштагы жараны киши колдуу каза тапты

Кыска кабар | 24 Дек 2021 | 516 | 0

Орусиянын Ульяновск шаарында Кыргызстандын 20 жаштагы жараны киши колдуу болуп каза тапты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 20-декабрда түштөн кийин Радищев көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде болгон. Коомдук тамактануу кызматкерлеринин ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен кыргызстандык жаран бычакталып өлтүрүлдү.

Облустук ички иштер министрлигинин сайтында айтылгандай, кылмыш болгон учурда мекемеде ИИМдин кызматкерлери болгон. Алар түшкү тамакка келишип, окуяга күбө болуп калышкан.

Текшерүү учурунда оперативдүү кызматкерлер кафенин ашканасынан эки жаш жигитти табышып, анын бири жаракат алган Кыргызстандын жараны болуп чыккан. Милиция кызматкерлери шектүүнү кармашып,  жабырлануучуга биринчи жардам көрсөтүүгө аракет кылганына карабай  ал ошол жерден жан берген.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, маркумдун өздүгү такталды. Ал 2001-жылы туулган Кыргызстандын жараны А.Ф.болгон.

Ошондой эле шектүү дагы Кыргызстандын 2000-жылы туулган Р.Ш. аттуу жараны болуп чыкты. Учурда шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынды.

Copyright © 2017 Maral FM