Биз менен байланышыңыз

Жапаров 2022-жылдын биринчи жарымында Италияга барат

Кыска кабар | 9 Дек 2021 | 307 | 0

Президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын биринчи жарымында Италияга иш сапары пландалууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луиджи Ди Майо менен жолугушуп, кызматташтыкты талкуулашты.

Ошондой эле 2022-жылдын биринчи жарымында президент Садыр Жапаровдун Италияга иш сапарын жана Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Луиджи Ди Майонун Кыргызстанга иш сапарын уюштурууга даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык жараткан багыттарды бекемдөөнү белгилешти.

Copyright © 2017 Maral FM