Биз менен байланышыңыз

Евробиримдик чек араларды башкарууга 21,65 млн евро бөлдү

Кыска кабар | 8 Дек 2021 | 253 | 0

Бишкекте Борбордук Азиядагы чек араны башкарууга көмөктөшүү программасынын (БОМКА) онунчу фазасынын бет ачары болуп өттү. Иш-чарада программанын максаттары жана милдеттери, ошондой эле аны аймактын беш өлкөсүндө тең ишке ашыруу пландары сунушталды. Бул тууралуу БОМКА-10 программасынын маалыматтык байланыш бөлүмү билдирди.

БОМКА программасынын негизги максаты чек араны интеграциялык башкаруу аркылуу аймактарды туруктуу экономикалык өнүгүүгө жеткирүү жана коопсуздукту бекемдөө болуп саналат.

«Чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана кылмышты азайтуу үчүн чек ара көзөмөлүн жөнгө салуу, ошондой эле чек арадан мыйзамдуу өтүү жана сооданы жеңилдетүү тапшырмасын аткаруу оңойго турбайт. Улуттук жана эл аралык координация, бардык тиешелүү органдар, мекемелер аралык кызматташтык чек араларды ачык, бирок көзөмөлдөнгөн жана коопсуз кылуу максатына жетүүгө жардам берет», — деди Латвиянын мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, БОМКА-10 программасынын лидери Гунтис Пуджатс.

Эске салсак, Борбор Азияда БОМКА программасын ишке ашыруу 2003-жылы башталган. Андан бери программа чек арачылардын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодо башкы ролду аткарып келет.

Чек арага көзөмөл эл аралык талапка, Евробиримдиктин стандарттарына ылайык жүргүзүлөт.

т

Copyright © 2017 Maral FM