Биз менен байланышыңыз

Депутаттардын айлыгын кыскарткан жарлыкка президент кол койду

Кыска кабар | 2 Дек 2021 | 6982 | 0

Президент Садыр Жапаров республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жарлыктын максаты республикалык бюджеттен чыгашаларды иретке келтирүү боюнча негизги чараларды ишке ашыруу болуп саналат.

Анын алкагында Жогорку Кеңештин депутаттарынын айлыгы кыскартылды.

Ошентип:

— Жогорку Кеңештин төрагасы — 30 миң сом;

— вице-спикерлер – 27 миң сомдон:

— фракциялардын лидерлери жана комитет төрагалары — 26 миң сомдон:

— катардагы депутаттар — 25 миң сомдон ала турган болду.

Аэропортто президенттерди тосуп алган кыздын маеги

Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаттарына турак жайы үчүн төлөнүп келген кенемте жана кызматтык унаа алып салынды, ал эми учурдагы кызматтык батирлер турак жайы жок депутаттарга бөлүштүрүлөт.

Бул жарлык мамлекеттик бюджетти үнөмдөө, чыгашаларды азайтуу максатында чыгарылганын айтат президенттин маалыматтык саясат бөлүмү.

Нурбек Абдыкадыров: Президенттердин учагын башкарсам деген кыялыма жеттим

Copyright © 2017 Maral FM