Биз менен байланышыңыз

Эльвира Сурабалдиева бир мандаттуу округдан кайра шайлоого катышат

Кыска кабар | 30 Ноя 2021 | 1431 | 0

Экс-депутат Эльвира Сурабалдиева Бишкектин Биринчи май районундагы бир мандаттуу шайлоо округунан парламенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу ал өзүнүн «Инстаграм» баракчасына жазды.

Анын айтымында, 36 бир мандатуу шайлоо округдарынын арасында депутат айымдар да болушу керек.

Эске салсак, шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына ылайык, Бишкектин Биринчи май жана Свердлов райондорунда «баарына каршы» добуш бергендер көпчүлүктү түзөт. Мыйзам боюнча мындай учурда кайра шайлоо өткөрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM