Биз менен байланышыңыз

Октябрь окуялары боюнча Эльвира Сурабалдиева ИИМге сурак берип чыкты

Кыска кабар | 23 Июн 2021 | 502 | 0

Ички иштер министрлиги былтыр 5-6-октябрда болгон окуяларга байланыштуу экс-депутат Эльвира Сурабалдиеваны кечээ, 22-июнда суракка чакырган. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Сурабалдиева билдиргендей, саат 16:00дөн кечки саат 18:00гө чейин сурак берип чыккан.

2020-жылдын 5-9-октябрындагы митингдер боюнча Кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык, массалык башаламандыкка байланыштуу сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Мындан улам митингдин активдүү катышуучулары суракка алынууда.

Сурабалдиеванын айтымында, аны Октябрь окуяларына байланыштуу сурашкан жана жеке өзүнүн эфирге берген аудио жана видео материалдары болгондуктан, кошумчалай турган эч нерсе болгон эмес.

Буга чейин ал 10-июнда прокуратурага да «Кумтөр» иши боюнча, тактап айтканда 2017-жылдын ноябрь айындагы Суу кодексине өзгөртүүлөрдү кабыл алуу боюнча күбө катары сурак берген.

Эскерте кетсек, 2020-жылы 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына каршы митинг өтүп, кечинде милиция менен митингчилердин ортосунда тиреш башталган. 6-октябрга түнү Ак үй басып алынып, андан кийин абакта жаткан бир катар саясатчылар боштондукка чыгарылган. 6-октябрда БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Ал окуялардын аркасы менен президент кызматтан кеткен.

Октябрдагы окуяларга байланыштуу бир нече саясатчы камалып, кийин айрымдары үй камагына чыгарылган. Камалгандардын арасында «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов бар. Учурда ал №1 тергөө абагында кармалууда.

Copyright © 2017 Maral FM