Биз менен байланышыңыз

30-апрелде парламентте өзгөчө кырдаалды токтотуу же узартуу маселеси каралат

Кыска кабар | 28 Апр 2020 | 922 | 0

30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында өзгөчө кырдаалды токтотуу же узартуу маселеси талкууланат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

Эльвира Сурабалдиева билдиргендей, Өкмөткө парламент тарабынан бериле турган суроолор көп. Суроолор каражаттардын сарпталышы, жарандарыбызга, ишкерлерге мамлекет тараптан көрсөтүлө турган жардамдар, сыртта жүргөн мекендештерибиздин акыбалы жана башка маселелер боюнча берилет.

Жашообузду өзгөрткөн илдет келип, маскачан айлап жүрүп калгандай, жаман түшкө да кирбеген заманда жашап калдык, — деп жазган өз баракчасында эл өкүлү.

 

Copyright © 2017 Maral FM