Биз менен байланышыңыз

Сурабалдиева: 2 айга жетерлик дары-дармек бар

Кыска кабар , Пикирлер | 2 Дек 2020 | 510 | 0

Коронавирус менен күрөшүүдө мамлекеттик капмада 2 айга жетерлик дары-дармек бар. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Мисалы, аптекаларда Гепарин дарысынын 121 миң таңгагы бар. Дагы 13 миң таңгак күтүп жатабыз. Дары-дармектер дагы да сатылып алынат», — деди Сурабалдиева.

Анын айтымында, коронавирустун экинчи толкуну мезгилдик сасык тумоого дал келип калгандыктан, бир топ оор болуп жатат. Бирок негизги абал жайкыга салыштырмалуу жеңил. Андыктан күндүзгү обсервациялардын саны жай мезгилине караганда бир топ чектелди.

Эпидемиологиялык абалга жараша жергиликтүү бийлик мектептерди ачып жатат. Бишкек шаарындагы жеке менчик мектептерде балдардын саны аз болгондуктан, иштөөсүнө уруксат берилген.

Copyright © 2017 Maral FM