Биз менен байланышыңыз

Депутат Сурабалдиева пансионаттардын абалына кейиди

Кыска кабар | 15 Окт 2019 | 745 | 0

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети Ысык-Көл облусунда көчмө жыйын өткөрдү. Комитеттин мүчөсү Эльвира Сурабалдиева улутташтырылган «Золотые пески», «Рохат», «Дилором», «Витязь» пансионаттарынын акыбалы кейиштүү экенин өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Пансионаттардын абалын көрүп, аябай ачуум келди. Мынчалык шалаакы мамиле кылган жетекчилерден пайда жок. Он жыл мурда дүңгүрөгөн пансионаттардын түбүнө жетип, акыры кемирип бүттүк. Салык минус. Бул пансионаттарды бир нече жылдан бери жыргатпаган мамлекет иштетем деген инвесторго тапшырбаса, киреше күткөн бюджет да, жергиликтүү калк да жалдырап бүтүштү», — деп белгилейт депутат айым.

Эс алуучу жайлардын абалы менен таанышкан соң, комитеттин отуруму өттү. Анда жайкы жана кышкы туризмди өнүктүрүү боюнча маалыматтар угулуп, токтом долбоору талкууланды.

Эске салсак көчмө жыйынга эл өкүлдөрү Салайдин Айдаров, Максат Сабиров, Искендер Гайпкулов, Фархат Тулендыбаев, Орозбек Алыбаев, Абдумажит Юсуров, Элвира Сурабалдиева жана Дастан Бекешевдер катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM