Биз менен байланышыңыз

«Мугалимдин балдарга сексуалдык кол салуусу – ыпылас иш»

Кыска кабар | 9 Янв 2021 | 571 | 0

Мугалим тараптан жашы жете элек балдарга сексуалдык кол салуу – жол берилгис, ыпылас иш. Мындай пикирин вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Бишкек шаарындагы мектептердин бириндеги жашы жете элек балага карата бузукулук иш-аракетке шектелген мугалимдин кармалуу фактысы боюнча билдирди.

«Белгилүү болгондой, мурда окуучулардын ата-энелеринен кармалаган мугалимдин жосунсуз аракеттери тууралуу маалыматтар түшкөн, бирок мектеп администрациясы эч кандай чараларды кабыл алган эмес. Бул — мугалимдер тарабынан балдарга карата бузуку аракеттерин жасаган өтө жосунсуз жорук. Өлкөнүн бир дагы мектебинде мындай фактыларга жол берилбеши керек. Жалпы билим берүү мекемелери, тармактык муниципалдык жана мамлекеттик органдар ата-энелерден жана окуучулардан түшкөн сигналдарга, кайрылууларга кош көңүл мамиледе болбошу шарт. Эгерде өз учурунда алдын алуу чаралары кабыл алынган болсо, бул нерсеге жол бербөөгө мүмкүн эле. Менталдык четтөөлөргө шектелген жактардын балдар менен иш алып баруусуна жол берилбеши керек», — деди Эльвира Сурабалдиева.

Вице-премьер-министр окуяга чара көрүү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Copyright © 2017 Maral FM