Биз менен байланышыңыз

Президент: Шайлоонун жыйынтыктары боюнча УКМК териштирүү баштады

Кыска кабар | 30 Ноя 2021 | 940 | 0

Президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу парламенттик шайлоого катышкан партия жетекчилерине дагы бир кайрылуу жасады.

Президенттин пикиринде, шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясынын кетирген майда катасынан улам ишенбөөчүлүк жаратты.

«БШКнын адистери кетирген ката серверге эч тиешеси жок экенин дагы бир жолу тактап чыктык. Сервер берген жыйынтыктын БШКнын адиси кетирген катага эч тиешеси жок. Акыркы жыйынтык кол менен санактар бүткөндөн кийин чыгат. Кол менен санакка активдүү катышкыла. Санактар бүткөндөн кийин бюллетендерди архив үчүн сактап коебуз», — деди Жапаров.

Президенттин айтымында, бийлик БШКнын ишине кийлигишкен жок. Бирок мыйзамдуу иштөө талабын койгон. БШК да добуштарды бурмалаган жок. БШКнын адисинин шалаакылыгынан мүчүлүштүк кетти. Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук комитети териштирүү баштады.

«Күнөөлүүлөрдү жоопко тартабыз. Азыр УКМК териштирүү иштерин баштады. «БШКнын ката кетирген адисинин айрым адамдар менен байланышы жокпу? «Мен ушундай кылып силерге митингге чыкканга шылтоо жасап берем», — деп, алдын ала кандайдыр бир күчтөр менен келишип алган эмеспи?» — деген сыяктуу териштирүүлөр жүрүп  жатат. Жыйынтыгын УКМК өзү билдирет», — деп жазылат Жапаровдун кайрылуусунда.

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо өттү. Анда добуш берүү аяктап, жыйынтыктар санала баштаганда БШКнын автоматташтырылган системасы иштебей калган. Бир канча убакыттан кийин кайра ишке киргенде добуштардын көрсөткүчү өзгөрүп кеткен. Бул шайлоого катышкан партиялар арасында жана коомчулукта күмөн ойлорду пайда кылды.

Copyright © 2017 Maral FM