Биз менен байланышыңыз

Шайлоо: Бюллетендердин 24%ы кол менен саналып бүттү

Кыска кабар | 30 Ноя 2021 | 1571 | 0

Бүгүн, 30-ноябрь саат 14:00гө карата Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетендердин 24,18% кол санактан өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалыматка ылайык, 2494 шайлоо тилкесинин 603үндө бюллетендер саналды.

Буга чейин автоматташтырылган системада добуштардын 97,59% эсептелген.

Кол менен саналган бюллетендердин алдын ала жыйынтыгында

«Ата-Журт Кыргызстан» 13.89%,

«Ынтымак» 13,44%,

«Ишеним» 11,04%,

«Ыйман Нуру» 8,03%,

«Альянс» 7,01%,

«Эл үмүтү» 6,48%,

«Бүтүн Кыргызстан» 4,97% добуш менен алдыда келе жатат.

БШК мүчөсү: Серверден эмес, кошумча сайттан мүчүлүштүк кетти

Copyright © 2017 Maral FM