Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 196 | 0

Президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон бир күндүк иш сапары аяктады. Сапардын алкагында мамлекет башчысы өлкөнүн лидери Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушуп, Экономикалык Кызматташтык Уюмунун XV саммитине катышты.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркмөнстандын президенттери соода-экономикалык, энергетикалык жана башка тармактарда кызматташууну чыңдоонун актуалдуу маселелерин талкуулашып, ошондой эле жакынкы келечектеги пландарды белгилешти.

Садыр Жапаров ЭКУнун Саммитинде сөз сүйлөп, анда Уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча кеңири пикир алмашуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдөгү Уюмдун маанилүү ролун белгиледи.

Мамлекет башчысы Экономикалык Кызматташтык Уюмунун алкагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде гидроэнергетика тармагында өз ара пайдалуу инвестициялык кызматташтыкты түзүүнү сунуштап, парник газдарынын эмиссиясын азайтуу аркылуу климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча биргелешкен чараларды көрүүгө чакырды.

Саммиттин жыйынтыгында Экономикалык Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин мамлекет жана өкмөт башчылары жыйынтыктоочу документти, Ашхабад консенсусун кабыл алышты.

Президент Садыр Жапаров жумушчу сапарын аяктаган соң бүгүн, 28-ноябрда, кечинде Бишкекке кайтып келди.

Copyright © 2017 Maral FM