Биз менен байланышыңыз

Президент азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу бир катар тапшырмаларды берди

Кыска кабар | 26 Ноя 2021 | 641 | 0

Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында азык-түлүк коопсуздугу маселесин кароо жыйынтыгы боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Министрлер кабинети төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:

  1. Улуттук инвестициялык долбоорлорго, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча долбоорлорду текшерүүлөргө 5 жылдык мөөнөткө убактылуу мораторий киргизүү;
  2. Райондор жана облустар боюнча инвестициялык картаны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү. Ар бир инвестор өлкөнүн тигил же бул аймагына инвестиция салуу керектигин, алардын бизнесин кайсы аймактарда өнүктүрүү пайдалуу боло турганын, бизнес мамлекеттин кандай колдоосуна таянууга укуктуу экенин көрүп тургандай болушу керек;
  3. Коррупция менен аёосуз күрөштү улантуу, анын ичинде чиновниктердин чыгашаларына жана кирешелерине көзөмөлдү күчөтүү;
  4. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин өркүндөтүү боюнча ишти активдештирүү жана күчөтүү зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM