Биз менен байланышыңыз

Жапаров Орусия президентинин администрация башчысы менен жолукту

Кыска кабар | 23 Ноя 2021 | 388 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москва шаарына болгон иш сапарында Орусиянын президентинин администрация башчысы Антон Вайно менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Акылбек Жапаров Кыргызстан кызматташтыкты бардык багыттар боюнча ырааттуу өнүгүүсүнө жана чыңдалышына кызыкдар экендигин айтты.

Ал Орусияга пандемия жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө үзгүлтүксүз колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Антон Вайно эки өлкөнүн администрация башчыларынын линиясы боюнча натыйжалуу иш алып барууга даяр экенин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM