Биз менен байланышыңыз

20-ноябрда Улуттук тарых музейинин расмий ачылышы болот

Кыска кабар | 18 Ноя 2021 | 567 | 0

20-ноябрда Улуттук тарых музейинин расмий ачылышы болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 20-30-ноябрь күндөрү саат 10:00дөн 18:00гө чейин бардык жарандар музейге акысыз кире алышат.

Эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жарандардан беткап кийүү жана санитардык нормаларды сактоо талап кылынат.

Музейге кирүү алдында жарандар кирүү тартиби жана экскурсия шарттары менен тааныша алышат.

Тарых музейи 2016-жылы оңдоп-түзөө үчүн жабылган. Аны реконструкциялоо иштерин Түркиянын Кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА) милдетине алган. Бирок кийинчерээк оңдоп-түзөөнүн биринчи этабы аяктаган соң, Кыргызстан менен Түркиянын мамилеси солгундап кеткенине байланыштуу ТИКА ишти андан ары улантууну белгисиз мөөнөткө токтотуп койгон. Мындан улам ишти бүткөрүүнү мамлекет өзү алып, өлкө бюджетинен 1,5 млрд сом бөлүнгөн. Ошондой эле оңдоо иштеринин кийинки этабы Германиянын Vitrinen-und Glasbau REIER компаниясына тапшырылган.

2018-жылы Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясы бул боюнча атайын иликтөө жүргүзүп, музейдеги эмерек, экспонат, буюм-тайымдар өз баасынан төрт-беш эсе кымбат сатылып алынганын аныктап, корутундусун жарыялаган. Башкы прокуратура аталган иштин негизинде мурдагы премьер-министр Сапар Исаков баштаган бир нече мамлекеттик кызматкерге иш козгогон.

Copyright © 2017 Maral FM