Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Коррупционерлерди жектөө жөнүндө идеология зарыл

Кыска кабар | 16 Ноя 2021 | 457 | 0

Коррупцияга каршы иш-аракеттердин артыкчылыктуу багыттарына ылайык, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча агартуу иштерин жүргүзүү, коомдо коррупцияга каршы атмосфераны түзүү үчүн коррупцияга каршы иш жүргүзгөн коммерциялык эмес коомдук уюмдарга мамлекеттик колдоо, анын ичинде каржылоо чараларын караштыруу зарыл экендигин бүгүн, 16-ноябрда Антикоррупциялык ишкердик кеңештин биринчи жыйынында билдирди.

Анын билдирүүсүнө ылайык, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген коррупциялык кылмыштар тууралуу фактыларды билдирген адамдарга сый акы берүү ыкмасын мүмкүн болушунча тезирээк ишке киргизүү зарыл. Коррупция менен күрөшүү жаатында иштеген коомдук уюмдардын ишин колдоо максатында Финансы министрлигинин алдында атайын адистештирилген фонд түзүлдү.

Ошондой эле коррупция жөнүндө кабарлаган адамдарга, анын ичинде коррупциялык схемаларды жана мамлекетке келтирилген коррупциялык зыянды аныктаган кызмат адамдарына бул фонддон бир жолку акчалай сыйлыктар каралышы керек.

«Азыркы учурда кыргыз коомчулугуна жаңы идеология керек. Тактап айтканда, коррупцияга малынбаган чиновник, коррупцияга аралашпаган бизнесмен, коррупционерлерди жектөө жөнүндө идеология зарыл. Ошондо гана биз коррупцияны ооздуктап, аны жоюуга бет алабыз деп ойлойм» , — деди президент.

Copyright © 2017 Maral FM