Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы түзүлдү

Кыска кабар | 16 Ноя 2021 | 259 | 0

Ишкерликти коргоо боюнча кошумча чараларды караштырууга багытталган эки Жарлыкка кол коюлган. Анын негизинде укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын бизнести жөнү жок, негизсиз текшерүүлөрүн токтото алдык. Ал тургай Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Коррупцияга каршы кызматты жойдук. Анткени мамлекеттик бийлик системалары бизнес менен жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн иштеши керек. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-ноябрда Антикоррупциялык ишкердик кеңештин биринчи жыйынында билдирди.

Мамлекет башчы инвесторлордун ар бир кайрылуусу же жарандардын ар бир кайрылуусу менен арызы өтө кылдат изилденүүсү керектигин белгиледи.

«Рейдерлик басып алууларга күнөөлүүлөр, билип туруп адилетсиз чечимдерди чыгарган сот жана укук коргоо органдары мыйзам чегинде толук жазаланышы керек. Ошол эле учурда бизнес коомчулук, мамлекеттик жана муниципалдык органдар ак ниеттүүлүк, абийирдүүлүк принциптерин сактап иштөөгө тийиш. «Бири-бирин коргоо», «пара берүү» жана көмүскө экономика сыяктуу көрүнүштөргө жол берилбеши керек» , — деди президент.

Ошондой эле президент коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндөгү укук коргоо жана сот органдарынын акыйкат иш-аракети – элдин ишенимин арттыруунун бирден-бир булагы экендигин белгиледи.

Мындан тышкары президент Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы түзүлгөндүгүн белгиледи. Анын айтымында, мындан ары коррупциялык мүнөздөгү бардык иштер ушул башкармалыкта каралат. Бул башкармалыкка аброю таза, мурда коррупциялык схемаларга аралашпаган тергөөчүлөр келиши зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM