Биз менен байланышыңыз

Подкаст — Кыргызстанда жаңы өнүгүп келаткан жанр

Блог , Маек | 11 Ноя 2021 | 3979 | 0

Контентчи Space — Кыргызстанда подкаст жанрында иш алып барган алгачкы студия. Ал ишке кирген 2017-жылдан бери кырктан ашуун подкаст жаздырылды. Маселен, Netflix компаниясы кыргызчалаган «Ажыдаар каны» аттуу анимациялык сериалдарынын үнү да ушул жерден коштолгон. Студиянын негиздөөчүлөрүнүн бири Жаныбек Мукашов менен ушул багытта маектештик.

— Студия качан негизделген?

— Биз 2017-жылдан тарта үн коштоого кызыга баштаганбыз. Негизи эле Кыргызстанда үн коштоо жакшы өнүкпөгөндүктөн, атандааш жокко эсе десем болот. Алгачкы жылдарда бир топ кыйынчылыктар болгон. Адегенде орус жана англис трейлерлерин кыргызчага которуп баштаганбыз. Бул чөйрөдө кармалып туруу аябай эле оор десем болот. Анткени жаш, анан тажрыйба жок болсо, каржы жагынан да колдоо болбосо, токтоп калат. Арстан аттуу досум экөөбүз негиздегенбиз. Ал — учурда котормочубуз жана үн режиссёрубуз.

— Учурда канча подкаст жаздырылды? Кайсы тасмалардын үнүн коштодуңуздар?

— Командабызга кыргыз үн коштоосуна кызыккан, жаратман жаштар топтолгон. Баары кыргыз тилинин, кыргыз үн коштоосунун өнүгүшүнө салым кошууга аракет кылат. Бул студия экиге бөлүнөт: Контентчи Space жана Rec-55. Студияда үн коштолот, дубляж жасалат, ырлар жазылат. Азыркы тапта беш толук метраждуу тасманы, андан тышкары Netflixтин «Ажыдаар каны» аттуу үч анимациялык сериалын которуп, үнүн коштодук.

— Подкаст жаздырууда жана үн коштоодо алгач кандай мүчүлүштүктөр болду?

— Жаңы гана кадам таштап жактан учурда ар кандай тоскоолдуктар болгон. Мисалы, үн таза, жеткиликтүү болсун деп, шкафтын ичине баш салып, же жуурканга (плед) чүмкөнүп алып окучубуз. Же каражаттан колдоо жок, же жетиштүү билим-тажрыйбабыз жок, айтор көп кыйынчылыкка туш болгонбуз. Керектүү жабдуулар, тажрыйбалуу актёрлор жетишсиз эле. Бул маселе азыркы тапта да көйгөй болуп келет. Чыдап иштеп кеткен адамдар гана бул тармакта ийгилик жарата алат. Айткым келген сөз, жумушту сүйүү керек.

— Кыргызстанда подкаст угармандары канчалык өстү?

— Эң алгач «Кажы-Кужу» деген подкастыбыз болгон. Кыргыз тилиндеги алгачкы подкаст болуп саналат. Кээ бир мекемелерге подкаст жаздырганга жардам, сунуш берип турабыз. Бул студия — подкаст күйөрмандарынын эркин аянчасы. Жаздырып кетсе болот. Ижарага алып да жаздырып кетишет. Подкаст — Кыргызстанда акырындап өнүгүп келе жаткан жанр.

Тажрыйба алмашуу жана билим алуу максатында «Японияга барып келсекпи?» деген план бар. Подкаст негизи чет өлкөдө жакшы өнүккөн. Эң чоң максатыбыз: кыргыз үн коштоосун жана подкастын дүйнөгө таанытуу жана кеңейтүү.

— Маегиңизге ырахмат! 

P.S.: Подкаст – радиоберүү сыяктуу, бирок интернетке жайгаштырылган уктуруу. Аны көчүрүп алып, же онлайн укса да болот. Радиоуктуруудан айырмасы: каалаган жеринен токтотуп коюп, улантып, же кайра кайталап укканга ыңгайлуу. 

Подкаст – эркин жанр. Кайсы бир теманы тереңдетип ачып берүүгө арналган 1-2 саатка чейинки уктуруулар да бар. Аны каалаган, ушул багытка кызыккан адамдын баары даярдай алат. Дагы бир өзгөчөлүгү: подкаст жасаган адам өз көз карашын эркин билдире алат. Аны жайылтуу автордон көз каранды. Подкасттарды Playmarket же Apple тиркемеси аркылуу смартфонго, планшетке, ноутбукка, компьютерге көчүрүп алууга болот.  

Copyright © 2017 Maral FM