Биз менен байланышыңыз

11-ноябрда Салык кодексинин жаңы редакциясы боюнча парламенттик угуу өтөт

Кыска кабар | 7 Ноя 2021 | 243 | 0

11-ноябрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети «Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун жана Салык кодексинин жаңы редакциясын талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Парламенттик угууга катышуу үчүн мамлекеттик органдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү чакырылат.

Алдын ала каттоо жана кошумча маалымат алуу телефондору:
63-88-17, 0-777-83-97-97.

Парламенттик угуу Жогорку Кеңештин жыйналыштар залында саат 10.00дө башталат.

Copyright © 2017 Maral FM