Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров Еврокомиссиясынын вице-президенти менен жолукту

Кыска кабар | 4 Ноя 2021 | 278 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Европа комиссиясынын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис менен жолугушту.

Эртең, 5-ноябрда Бишкек шаарында «Европа Биримдиги — Борбор Азия» экономикалык форуму башталат.

Тараптар белгилегендей, өтүүчү форум Европа Биримдигинин жана Борбор Азиянын экономикалык кызматташуусундагы жаңы баскыч болуп саналат.

Европа Биримдигинин делегациясы европалык өнөктөштөрдүн аймактагы өлкөлөрдүн эки тараптуу кызматташтыгынын келечегине кызыкдарлыгын билдирди.

«Форум жыл сайын өтүүчү толук кандуу экономикалык платформа боло алат деп эсептейм. Биз Европа Биримдиги жана европа өлкөлөрү менен кызматташтыкты чыңдоого өзгөчө маани беребиз. Европа Биримдиги менен өнөктөштүктү чыңдоо Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат», — деп белгиледи Жапаров.

Акылбек Жапаров ошондой эле жогорку өкүлгө Министрлер кабинетинин артыкчылыктуу милдеттери жана жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берди.

Copyright © 2017 Maral FM