Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Кыргызстанда баары салык төлөшү керек

Кыска кабар | 27 Окт 2021 | 1279 | 0

Бүгүн  27-октябрда Жогорку Кеңешинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү  жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Жаңы салык кодексине кандай өзгөртүүлөр киргизилгени боюнча депутаттар ар түрдүү суроолорду узатышты.

Депутат Абдывахап Нурбаев буга чейинки салык кодексинде укук коргоо органдарында жана бажы кызматында иштегендердин баары киреше салыгынан бошотулганын айтып, жаңы кодексти ага кандай өзгөртүүлөр болгонуна кызыкты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул маселе мурдагыдай эле калтырылганын айтты.

«Мурдагыдай эле калып калды. Бирок менин жеке оюмда, баары бир быйыл болбосо, кийинки жылы Кыргызстанда бүт баары салык төлөшү керек. Мурунку Советтер Союзундагы системадан баш тартабыз. Сунушутарыңызды эске алып, киргизгенге аракет кылабыз», — деди Жапаров.

Абдывахап Нурбаев эң аз айлык алган мугалимдер менен дарыгерлер салык төлөп, бажычылар көп айлык алганына карабай, салык төлөбөй жатканын адилетсиздик деп сындады.

Copyright © 2017 Maral FM