Биз менен байланышыңыз

Жапаров Санариптик өнүктүрүү министрлигинин негизги үч милдетин атады

Кыска кабар | 26 Окт 2021 | 208 | 0

Сиздердин алдыңыздарда үч маанилүү багыт турат. Кыска мөөнөттө калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү жаатында жигердүү өзгөрүүлөрдү жасоо зарыл. Өлкөбүз жаңы жылга чейин электрондук документ жүргүзүүгө өтүшү тийиш. Мындан тышкары, салык жана бажы тейлөөлөрүн санариптештирүү боюнча ишти күчтөндүрүү, виртуалдык кампаларды ишке киргизүү зарыл. Келерки жылдын 1-январына карата мамлекеттик кызмат көрсөтүү, бизнес менен кызматташуу, санариптештирүү боюнча механизмдер даяр болушу керек. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жамаатына жаңы министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Дастан Догоевди тааныштыруу учурунда билдирди.

Акылбек Жапаров белгилегендей, өлкөдө санариптештирүүнү өнүктүрүү стратегиялык жактан маанилүү. Ошондуктан ишмердиктин көптөгөн артыкчылыктуу тармактарында санариптештирүү боюнча комплекстүү ишти улантуу зарыл.

Бүгүн, 26-октябрда министрлер кабинетинин түзүмүндө президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги түзүлүп, министрдин милдетин аткаруучу болуп Дастан Догоев дайындалды.

Эске салсак, Дастан Догоев ушул жылдын 20-майында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалган. 12-октябрда жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамына жана түзүмүнө өзгөртүү киргизилип, Санариптик өнүктүрүү министрлиги жоюлган.

Copyright © 2017 Maral FM