Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер министрлери жолугушту

Кыска кабар | 25 Окт 2021 | 473 | 0

24-октябрда Стамбул шаарында Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков Түркиянын ички иштер министри Сулайман Сойлу менен жолугушту. Анда эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Улан Ниязбеков Кыргызстан менен Түркиянын Ички иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташтыктын өсүшүнүн оң динамикасын белгилеп, Кыргызстандын ИИМнин тутумунда жүргүзүлүп жаткан реформа тууралуу маалымат берди. Айрыкча маалыматтык технологияларды жана автоматташтырууну ишке киргизүүгө өзгөчө басым жасалганын маалымдады.

Мындан тышкары Улан Ниязбеков түркиялык кесиптешине Түрк полициясынын укук бузууну алдын алуудагы, кылмышка каршы күрөшүүдөгү тажрыйбаларын, заманбап техниканы колдонуудагы жетишкендиктерин Кыргызстандын ички иштер органдарынын кызматкерлерине окутуп-үйрөтүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады.

Түркиянын ички иштер министри Сулайман Сойлу кылмыш менен күрөшүүдө министрликтердин ортосундагы кызматташтыктын жана карым-катыштын маанилүүлүгүн белгилеп, эки өлкөнүн мекемелеринин ортосундагы кызматташтык жөнүндө Макулдашууга кол коюу процессин тездетүүгө даярдыгын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM