Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров: «Кумтөрдүн» эсебинде 100 млн доллардан ашык каражат бар

Кыска кабар | 14 Окт 2021 | 391 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кумтөр Голд Компанинин» эсебинде 100 млн доллардан ашык акча каражаты бар экенин айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 13-октябрдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Ал депутаттарга «Кумтөр» өндүрүштүк процесстерден улам август айын кошпогондо, туруктуу иштеп жатканын билдирип, пландалган көлөм жылдын аягына чейин аткарыларына убада кылган.

«22 жылдан бери алтындар өлкөдөн экспорттолгондон айырмаланып, бүгүнкү күндө ал бизде калууда. Салыктар түшүп жатат. «Кумтөр Голд Компанинин» эсебинде 100 млн доллардан ашык акча бар», — деди Жапаров.

Ошондой эле анын айтымында, Женевада болгон жолугушууда Centerra Gold Inc. компаниясынын жетекчилиги Кыргызстандын жарандарын кенде иштөөгө тартууга макулдугун берген.

Copyright © 2017 Maral FM