Биз менен байланышыңыз

УКМК: Террорчуларды каржылоого шектелип эки жаран кармалды

Кыска кабар | 14 Окт 2021 | 258 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети террорчуларды каржылоого шектелген Кыргызстандын эки жаранын кармады.

Маалым болгондой, 1988-жылы туулган А.А. менен 1990-жылы туулган А.М. чуулгандуу теракт уюштурган топторго акча жөнөтүп келишкен. Бул жарандар каржылаган террордук топтор ар кайсы өлкөлөрдүн 39 жаранынын жанын кыйган.

Шектүүлөр УКМК тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө, суракка алуу иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM