Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров: Байлар көбүрөөк салык төлөшү керек

Кыска кабар | 13 Окт 2021 | 707 | 0

Салыкты фискалдаштыруу саясатына өзгөчө көңүл бурабыз. Байлар көбүрөөк салык төлөшү керек. Менин принципиалдуу позициям ушундай. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

«Ошол эле учурда мамлекеттен тиешелүү жеңилдиктерди алуу менен жумушчу орундарды түзүшү керек, мисалы, жеңилдетилген насыялар. Дүйнө жүзүндө баары ошондой. Байлар да жумушчу орун түзүп, элди багып жатат. Олигархтар болбошу керек, бирок байлар болушу керек деп эсептейм. Алардын колдоосу менен жакыр жшагандарды кескин түрдө азайтышыбыз керек» , — деди Жапаров.

Ошондой эле ал көпчүлүк салык төлөөчүлөр салыктан качып жүргөнүн айтты.

Мындан сырткары санариптешүүдө өлкө артка калып жатканын белгилеп, ал экономиканы өнүкүтүрүүдө бардык тармакты камтый турганын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM