Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров: Табияттан идеалдуу бийлик болбойт

Кыска кабар | 13 Окт 2021 | 295 | 0

«Эмне өзгөрдү жана эмне өзгөрөт?» деп суроо коюп турасыздар. Менин жообум: биз баарыбыз өзгөрдүк, заман өзгөрдү, доор алмашты. Туптуура бир жыл мурда бурулуш жасалды, эгемендиктин 30 жылдыгында үчүнчү революцияга күбө болдук. Ал окуялардын ар бири тагдырыбызга таасирин тийгизди. Азыр бардык толкундоолордун себептерин каалагандай буруп чечмелесек да, мезгили келгенде тарых өзүнүн баасын берет. Маанилүү факт бар: бир да революциядан кийин мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алган жокпуз. Кыргыз эли ар бир революцияда сыноолорду жеңе билүү жөндөмүн, эркиндикке болгон кайратын далилдей алды. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Ошондой эле ал өзгөргөн доордун өзгөрүп айырмалап бере алган өзгөчөлүгү экономиканын, саясаттын бардык чөйрөлөрүндө, коррупцияга каршы күрөштө реалдуу өзгөрүүлөр башталганын белгиледи.

Мындан сырткары ал табиятынан идеалдуу бийлик болбостугун, болгон да эместигин айтып, коомдун саясатташып кеткенин белгиледи.

Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасын, анын орун басарларын жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү жөнүндө президенттин сунушу каралууда.

Copyright © 2017 Maral FM