Биз менен байланышыңыз

Касмамбетовдун жаңы кызматка дайындалышы боюнча президент пикирин билдирди

Кыска кабар | 12 Окт 2021 | 567 | 0

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Сүйүнбек Касмамбетов Мамлекеттик катчы болуп дайындалды. Касмамбетовдун дайындалышы боюнча президент өз пикирин «Фейсбук» баракчасына  жазды.

«Сүйүнбек Касмамбетов — 30 жыл ичинде өлкөбүздө кандай саясий бурулуштар болбосун, олку-солку учурларда да мамлекеттик жооптуу кызматтарды аркалап келген белгилүү адам. Кризис-менеджер катары өзүн көрсөтүп, ошол эле учурда саясий оюндардан оолак болуп, таза иштеп келди. Өткөн жылкы эң оор мезгилде Президенттин аппаратынын жетекчилигине дайындалган учурда аны бардык саясий топтор колдоого алышты, тагылган милдеттерин жөндөп алып кетерине толук ишеништи», — деп жазган президент.

Ошондой эле президент Сүйүнбек Касмамбетовдун Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өкмөт менен президенттин аппаратын бирдиктүү түзүм катары калыптандырууга салым кошуп, кыска убакытта анын ишин жолго койгонун белгилеген.

Мындан сырткары президент Сүйүнбек Касмамбетов залкар манасчы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Сапарбек Касмамбетовдун уулу болгондуктан, маданият, идеология тармагын, кыргыздын нарк-насилин, каада-салтын жакшы түшүнө турганын белгилеген.

«Жогоруда айткандарымдын негизинде Сүйүнбек Касмамбетовду Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы кызматына дайындоо чечимин кабыл алдым. Ал эми буга чейин Мамлекеттик катчы кызматын аркалап келген Чолпонбек Абыкеев он бир жылдан бери иштебей келген мамлекеттик институттун ишин жандантууга белсене киришип, жол-жоболорун иштеп чыгууга салымын кошту. Ал кишиге да ыраазычылыгымды билдирем», — деп жазган.

Copyright © 2017 Maral FM