Биз менен байланышыңыз

Улан Примов парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышат

Кыска кабар | 9 Окт 2021 | 912 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округ боюнча катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз калтырды. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыялады.

Примов Ош облусунун №11 Алай округу боюнча талапкерлигин көрсөткөн.

Учурда парламенттик шайлоого бир мандаттуу округ боюнча катышуу үчүн 171 талапкерден арыз түшкөн.

Белгилей кетсек, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоо жаңы Конституция жана анын негизинде иштелип чыккан шайлоо мыйзамы боюнча өтөт. Ага ылайык парламентте 90 депутат болот. Алардын ичинен 54 депутат партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.

Саясий тагдырын бир округга байлаган депутаттар

Copyright © 2017 Maral FM