Биз менен байланышыңыз

АКШда кыргызстандык жаран полициянын огунан каза болду (видео)

Кыска кабар | 8 Окт 2021 | 939 | 0

АКШда кыргызстандык жаран полициянын огунан каза болду. Бул тууралуу 8-октябрда Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстандын АКШдагы элчилигине 1993-жылы туулган М.Н. аттуу Кыргызстандын жаранынын өлүмү тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Алды ала маалыматтарга караганда, 5-октябрда Пенсильвания полициясы тарабынан бир нече жолу ок атылган. Элчилик АКШнын Мамлекеттик департаментинин жана Ички Коопсуздук департаментине окуянын чоо-жайын сурап кайрылды. Учурда жооп күтүлүүдө.

Маркумдун жакындары керектүү документтер толтурулган соң сөөктү Кыргызстанга жөнөтүүнү пландап жатышат.

Видео социалдык тармактан алынды.

Copyright © 2017 Maral FM