Биз менен байланышыңыз

Кубанычбек Бөкөнтаев Улуттук банктын жамаатына тааныштырылды

Кыска кабар | 1 Окт 2021 | 316 | 0

Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев Улуттук банктын эмгек жамаатына жаңы төрага болуп дайындалган Кубанычбек Бөкөнтаевди тааныштырды.

Касымалиев банктын иш жамаатына жаңы жетекчини тааныштырып жатып, алдыдагы иштердин маанилүүлүгүн белгилеп, Кубанычбек Бөкөнтаевге ийгилик каалады.

Өз кезегинде Бөкөнтаев Жогорку Кеңешке көрсөткөн ишеними үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жалпы жамаат менен алгылыктуу иш алып барарын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM