Биз менен байланышыңыз

Толкунбек Абдыгулов: Президент башка кызмат сунуштады

Кыска кабар | 29 Сен 2021 | 830 | 0

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов парламенттин 29-сентябрдагы жыйынында отставкасынын себебин түшүндүрдү. Ага президент Садыр Жапаров билимин, иш тажрыйбасын башка кызматта пайдаланууну сунуштаган.

Толкунбек Абдыгулов азырынча кайсы жумушка барары белгисиз экенин айтты.

«Менин отставкам башка кызматка которуларым менен байланыштуу. Президент тажрыйбамды, билимимди башка кызматта өлкө пайдасы үчүн жумшоону сунуштады»,-деди Абдыгулов.

Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин сунуштаган.


Сыдыков: Улуттук банктын төрагасы ишеничке ээ болсо, анда эл аралык өнөктөштөр да ишенет


Бүгүн, 29-сентбярда парламент депутаттары Абдыгуловдун отставкасын талкуулап жатат. Көпчүлүк эл өкүлдөрү анын кызматтан кетишине каршы пикирлерин билдиришүүдө. Себеби Толкунбек Абдыгулов банк системасын мыкты билген кадр экенин, анын кетишинде башка себептер болушу мүмкүн экенин айтып жатышат.

Депутаттар Токунбек Абдыгулов парламентке келип, отставкасынын себебин айтышын жана суроолорго жооп беришин өтүнүшкөн.

Толкунбек Абдыгуловдун отставкага кетишинин түрдүү себептери

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM