Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада коронавирустун 69 жаңы учуру катталды

Кыска кабар | 29 Сен 2021 | 296 | 0

Кыргызстанда 29-сентябрга карата коронавирус 69 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 38, Чүй облусунда – 17, Ош облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда – 9, Баткен облусунда — 1 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 97 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 454 бейтап, амбулатордук түрдө 803 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 444 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 102 киши айыгып чыкса, 2 миң 605 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM