Биз менен байланышыңыз

Ош шаарынын аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Без рубрики , Кыска кабар | 19 мая 2024 | 259 | 0

Ош шаарынын аймагында 18-май күнү катуу жааган нөшөрлүү жаандан улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Кечээ, 18-май күнү Ош шаарында катуу жааган жамгырдан улам суу каптап, сел жүргөн. Анын кесепетинен 3 социалдык мекеменин жана 23 турак жайдын жер төлөлөрүнө суу толгон.

Бүгүн, 19-май күнү Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов Ош шаарындагы селден жабыркаган аймактар менен жеринде таанышып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар менен жолугушту.
Белгилей кетсек, сууларды өз нугуна салып, жер төлөлөрдөгү сууларды сордуруп чыгаруу иштерине ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынан 100дөн ашык куткаруучулар жана Жарандык коргонуу кызматынан 8 атайын техника тартылды. ӨКМдин өздүк курамы кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин күчөтүлгөн тартипте аткарып, тазалоо иштери 90%ы аяктаганын, министрликтин маалымат кызматы билдирди.  Учурда келтирилген чыгымды эсептөө үчүн Жарандык коргонунун комиссиялары жер-жерлерде иш алып барышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM