Биз менен байланышыңыз

COVID-19 илдетинен өлкө боюнча эки бейтап каза болду

Кыска кабар | 28 Сен 2021 | 266 | 0

Кыргызстанда 28-сентябрга карата коронавирус 58 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда Бишкек шаарында – 30, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда – 14, Ош облусунда — 2, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 10 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 93 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 476 бейтап, амбулатордук түрдө 811 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 375 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 5 киши айыгып чыкса, 2 миң 604 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM