Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Кыргызстан» партиясынын дагы бир мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

Кыска кабар | 16 Сен 2021 | 406 | 0

УКМК тарабынан 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ири суммадагы акчаны алдоо жана мыйзамсыз алуу фактысы аныкталды.

«Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү жана өлкөнүн парламентинин экс-депутаты Ч.Р. тарабынан депутаттык мандат үчүн 300 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражат алынып, арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Ушул жылдын 16-сентябрында жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгына жана алынган далилдердин негизинде аталган Ч.Р., Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча кылмыш жасаган деп шектелип кармалып УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жакын арада тергөө «Ч.Р.ны» тергөө иши бүткүчө баш коргоо чарасын кабыл алуу маселесин карайт, тергөөнүн алкагында бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды жоопкерчиликке тартууга багытталган толук чаралар көрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM