Биз менен байланышыңыз

Нургүл Бакирова Түркиядагы Кассациялык соттун ачылышына катышты

Кыска кабар | 2 Сен 2021 | 309 | 0

Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова Түркиядагы Кассациялык соттун ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарада Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган да болду.

Аземдин ачылышында Кассациялык соттун төрагасы Акаржа Мехмет, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Түркиянын адвокаттар коллегиясынын президенти, профессор, доктор Метин Фейзиоглу сөз сүйлөдү.

Белгилүү болгондой, Түркиядагы сот жылынын ачылыш аземи салт боюнча Түркиянын Кассациялык соту тарабынан өткөрүлөт. Кассациялык соттун жаңы имараты да ушул жылы ачылды. Имарат 191 гектардагы 427 миң чарчы метр жабык аянтты ээлеп, Селжук жана Осмон архитектурасын өзүнө камтыйт.

Copyright © 2017 Maral FM