Биз менен байланышыңыз

Президент Максат айылынын жаштар командасы менен футбол ойноду

Кыска кабар | 27 Авг 2021 | 1400 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-августта Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында тажиктердин кол салуусунан жабыркаган Лейлек районунун Максат айылында калыбына келтирилген социалдык инфраструктура менен таанышты.

Садыр Жапаров Максат айылында милиция пунктун, фелдьшердик-акушердик пунктун, футбол талаасын, ошондой эле оңдоодон өткөн мектепти көрүп чыкты.

Мындан сырткары Президентке айылдын таза суу менен камсыздалышы, 11 чакырым тилкеде асфальт төшөлгөнү, көчө жарыктарынын орнотулганы, муздак жана ысык суунун киргизилиши, курулуп жаткан бала бакча тууралуу маалымат берилди.

Оңдолгон мектептин футбол талаасын жана спорт залын кароо учурунда Мамлекет башчысы чогулган балдар жана айылдын жаштар командасы менен футбол жана волейбол ойноду.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле жергиликтүү тургундарды түйшөлткөн маселелерге кызыгып, айыл аксакалдары менен баарлашты.

Copyright © 2017 Maral FM