Биз менен байланышыңыз

Баткенде 2,5 млн сомдук аткез жүк кармалды

Кыска кабар | 24 Авг 2021 | 965 | 0

23-августта Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө Кожо-Бакырган каналы аркылуу аткез жүк алып өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жарандары кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унааны 1994-жылы туулган С.Э. айдап бараткан. Жанында өзү курактуу дагы бир жигит болгон.

Текшерүү учурунда унаадан эч кандай коштоочу документи жок 175 куту дары-дармек табылган. Кармалган баңгизаттын болжолдуу наркы 2 млн 680 миң 600 сомду түзгөн.

Тиешелүү кагаздар толтурулгандан соң, кармалган жарандар жүгү менен кошо андан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн атайын органдарга өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM