Биз менен байланышыңыз

Бир суткада 25 миң 886 адам коронавируска каршы эмделди

Кыска кабар | 20 Авг 2021 | 232 | 0

Кыргызстанда бир суткада коронавируска каршы 25 миң 886 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 8 миң 305 адам вакцинанын биринчи дозасын, 17 миң 581 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 622 миң 845 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 323 миң 237 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Copyright © 2017 Maral FM