Биз менен байланышыңыз

Коронавирустан алты бейтап каза болуп, дагы 417 адамдан аныкталды

Кыска кабар | 12 Авг 2021 | 168 | 0

Кыргызстанда 12-августка карата коронавирус дагы 417 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Алар Бишкек шаарында – 201, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 83, Ош облусунда –13, Талас облусунда – 17, Нарын облусунда – 16, Ысык-Көл облусунда – 38, Жалал-Абад облусунда – 14, Баткен облусунда – 27 адамдан илдет табылган.

Ошондой эле бир суткада 743 адам илдеттен сакайып чыккан.

Мындан сырткары сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча алты бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 382 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 771 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 170 миң 770 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 160 миң 749 киши айыгып чыкса, 2 миң 426 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM