Биз менен байланышыңыз

Ошто адашып жүргөн бир туугандар үйүнө жеткирилди

Кыска кабар | 10 Авг 2021 | 186 | 0

Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери 9-август түнкү саат 2:30 чамасында шаардын Апсамат Масалиев көчөсүндө кароосуз жүргөн бири 6, бири 13 жашар эки баланы табышты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Табылган балдар Ош облустук ички иштер бөлүмүнүн балдар менен иштөө борборуна жеткирилген. Териштирүүдө алар Кара-Суу районунун Жданов айылынан келген Ш.А. жана Ш.М. экени аныкталды.

Атайын чакырылган аймактык социалдык адис балдар менен сүйлөшүп, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ошондой эле тиешелүү медициналык, укуктук, психологиялык жардам көрсөтүлүп, андан соң бүгүн, 10-августта апасына берилди.

Облустук милиция маалымдагандай, балдардын мындан аркы жашоосу социалдык адистер жана балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп турат. Учурда үйүнөн чыгып кетүүгө себеп болгон жагдайлар такталууда.

Copyright © 2017 Maral FM