Биз менен байланышыңыз

Акыркы суткада 471 адамдан вирус табылып, 6 бейтап каза болду

Кыска кабар | 10 Авг 2021 | 342 | 0

Кыргызстанда 10-августка карата 471 адам коронавируска чалдыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бишкек шаарында – 212, Ош шаарында – 7, Чүй облусунда – 110, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 14, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 38, Жалал-Абад облусунда – 60, Баткен облусунда – 21 адам.

Ошол эле учурда бир суткада 995 адам илдеттен сакайып чыккан.

Мындан сырткары сутка ичинде коронавирустан өлкө боюнча 6 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 2 миң 609 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 481 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 169 миң 971 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 159 миң 280 киши айыгып чыкса, 2 миң 413 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM