Биз менен байланышыңыз

Ошко Кытайдан жардам катары медициналык каражаттар келди

Кыска кабар | 10 Авг 2021 | 368 | 0

9-августта Ош шаарына Кытайдын Цинхай провинциясынын Синин шаарынан медициналык каражаттар менен гуманитардык жардам келип түштү. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Анда медициналык беткаптар, респираторлор, коргоочу костюмдар, инфракызыл термометрлер бар. Жардамды Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов кабыл алып, Кытай тараптан келген өкүлдөргө ыраазычылык айтты.

Гуманитардык жүк Ош шаарындагы жаңы типтеги COVID-19дун таралышын алдын алуу максатында шаардын мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларына бөлүштүрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM