Кыргызстандын аймагында 4-июлдан 8-июлга чейин абанын температурасы жогорулап — аномалдык ысык болушу мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.
Абанын күндүзгү температурасы 4-июлдан 6-июлга чейин Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +38…+40 градуска, Талас өрөөнүндө +36…+38 градуска жетет.
7-8-июлда Чүй өрөөнүндө, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +39…+41 градуска, Талас өрөөнүндө +37…+39 градуска жетиши ыктымал.
Мындай ысык аба-ырайында ачык күндүн астында көпкө жүрүү сунушталбайт. Сак болуңуздар!
Бүгүн, 2-июлда түштөн кийин Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.
Жайкы аптаптан кантип сактанабыз?