Биз менен байланышыңыз

Жайкы аптаптан кантип сактанабыз?

Блог | 16 Июл 2020 | 1650 | 0

Жай, аптап. Сыртта абанын табы 30-35ке жетип жаткан учуру. Андыктан ысыктан абайлаңыз.

Төмөндө мээ кайнаткан ысыктан кантип сактанабыз, жай мезгилинде кантип тамактансак пайдалуу болоруна жооп издейбиз. Ошондой эле бөлмөнүн, унааңыздын ичин салкындатуу ыкмалары сунушталат.

Дарыгерлер мээ кайнаткан ысыкта дарактын арасында жашыл чөптө жылаңайлак басууну эң пайдалуу дешет. Мындай учурда адамдагы негизги клеткалар, точкалар ойгонуп, организмде кан айлануу жакшырат.

Ал эми эшикке чыгууга мүмкүн болбогондой аптап уруп, бөлмөгө кирсеңиз аба жетпей дем кысылып жатса эмне кылуу керек? Кандай ыкмалар менен ысыктан сактансак болот?

Күндүн ысыгынан өзгөчө кимдер сактануулары керек: инсультка, инфарктка кабылгандар, онкологиялык, жогорку кан басым, ишемия жана стенокардия оорусу барлар, толук адамдар.

-Ысык жүрүп жаткан кезде узакка күндө жүрбөө керек. Өзгөчө күндүзгү саат 11ден кечки 5ке чейин.

-Күн катуу тийген убактарда коомдук унааларда жүрүүдөн качыңыз.

-Көчөдө көлөкө жер менен жүрүүгө аракеттениңиз, убак-убагы менен кондиционери бар имаратка (мисалы, дүкөн, супермаркеттерге) кирип сергип алсаңыз болот.

-Физикалык кыймылды азайтканыңыз оң.

-Имаратта кондиционерди 18-20 градустан төмөндөтпөңүз, себеби суукка урунуп калуу ыктымалдуулугу жогору, кондиционерден алыс отуруу керектелет. Имаратта кондиционер жок болсо, анда желдеткич колдонсо болот.

Азыктар жана суусундуктар тууралуу айта кетсек:

-Жайкысын суусундук ичүү маанилүү. Анткени адам организми ысыганда өзүнөн сууну тер аркылуу бөлүп чыгарат. Анын ордун толуктоо үчүн күн сайын кеминде 2 литрдей суу ичиш керек. Бирок бөйрөгү алсыздар ашыкча суюктук ичүүдөн абайлоосу зарыл.

— Ысыкта организм кургап, витаминдер азаят. Ошол себептен сууну мөмө-жемиштер менен алмаштырсаңыз да болот. Мисалы бадыраң, помидор, дарбыз, шабдаалы сыяктуу мөмө-жемиштер суусунуңузду кандырып, организмиңизди керектүү витаминдер менен толуктайт. Булардан сырткары көк чай да организмге пайдалуу.

-Туздуу, газдалган, таттуу жана алкоголдук суусундуктардан качыңыз. Бул суусундуктар тескерисинче суусатып, кээ бири ысыктан жабыркап жаткан организмиңизди ууландырат. Ошондой эле, тамеки чегүүдөн да баш тартыңыз.

-Ысыктан кыйналып жатсаңыз ичти кызыта турган майлуу тамактарды, эт, бал жебегениңиз оң. Бул тамактар дененин температурасын андан да жогорулатат. Анын ордуна, жашылча-жемиштер, ботколор, майлуу эмес эт, балык, сүт азыктары, муздак суюк тамактарды жесеңиз пайдалуу болот.

-Күндүн ысыгынан дене табыңыз жогорулап турган учурда балмуздак жебеңиз. Тамак оору, сасык тумоо пайда болуусу ыктымал. Ангинасы барларга дароо таасир этет.

-Көчөдө өзү менен кошо дайыма газдалбаган, алкоголсуз суусундук ала жүрүңуз.

-Көп тоюп албай, аз-аздан, бирок бат-баттан тамактанып туруңуз.

Кандай кийинүү керек?

Аптапта адамдарга өзүнө ыңгайлуу, ысык тартпаган кийимдерди кийүү сунушталат.

-Табигый материалдардан (пахта, зыгыр жана башка) жасалган жука жана ачык түстүү кийимдерди кийгениңиз оң.

-Баштан ысык өтпөшү үчүн сөзсүз баш кийим кийип жүрүңүз.

-Ийиндери ачык көйнөктөрдүн үстүнөн жука жеңил жамынгычтарды жамынып алыңыз.

— Жара, кесилген жер, ошондой эле меңи болгон адамдар ал жерлерин кийим менен жаап жүрүүсү сунушталат.

— Көп адамдар ысып жатам деп ачык кийимдерди, кыска шорталарды же жеңи жок майкаларды кийип алышат. Мындай шартта адам убактылуу салкын жүргөнү менен денесин күндүн зыян нурларынан сактай алышпайт. Кол, буттун териси күндүн зыяндуу нурунан жабыркап, кургап, кээде көп күйгөндүктөн былжырчалар да пайда болот. Ошондуктан да синтетика аралашпаган, жеңи, этеги узун денеге жабышып турбаган узун көйнөк кийүү эң туура. Эгер көйнөктүн кездемесине бир аз синтетика аралашкан болсо анда анын ичинен пахта кездемеден тигилген майка кийүүнү унутпашыңыз керек. Синтетика аралашкан кийим денеден чыккан терди өзүнө сиңирип ала албайт. Тер денеден чыгып, сиз баскан сайын шамал болуп, бөйрөк, өпкө, ашказанга суук тийет. Майка кийсеңиз ал денеден чыккан терди өзүнө сиңирип алып турат.

Көчөдөгү кайнап жаткан ысыктан муздак кондиционер иштеп жаткан бөлмөгө кирүү же дароо муздак сууга жуунуу да туура эмес.  Мындай шартта бөйрөктүн шамалдашы, суук тийүү жана башка вирустук оорулар пайда болот. Ысыктан киргенде бир аз нормалдуу температурада эс алып, ысып турган денени салкынга көндүргөн соң муздакты кабыл алуу керек.

Үйдү кантип салкындатууга болот?

Бөлмөңүз күн тийген тарапта болуп, ысыктан кыйналып жатсаңыз…

-Терезени жаап, калың материалдан тигилген парда илиңиз. Болбосо фольга кагазын айнектин ичи-сыртына чаптап коюңуз. Мындай ыкмада фольга кагазы бөлмөнү ысыктан коргоп, жарыкты да киргизбейт.

-Эгер айнекти ачып отургуңуз келип, бирок сырттан ысык шамал кирип, жагымсыздыкты жаратып жаткан болсо бөлмөгө салкындык берип туруучу төмөнкү ыкмаларды жасап көрүңүз:

-Шейшепти муздак сууга салып, сыгып алып аны айнекке парда сыяктуу кылып илип коюңуз. Эшиктен урунган ысык шамал сууланган шейшепке тийип, бөлмөгө салкындык берип турат.

-Идишке суу толтуруп бөлмөгө коюп койсоңуз да абаны бир топ нымдаштырып, салкындыкты пайда кылып турат.

-Бат-баттан кол, бутту жууп туруңуз.

-Бөлмөгө чоң жалбырактуу гүлдөрдү мисалы, бегония же фикус гүлүн өстүрүп, ага суу куюп турсаңыз, бөлмөнү нымдаштырып турат.

Эгерде унаа менен узак сапарга аттанып ысыктан сактануу жолдорун үйрөнүп алыңыз.

Ысыкта машина менен узак жолдо жүрүү адамга кыйынчылык жаратат. Андай учурда ысыктан сактануу үчүн:

-Унаанын эшиктеринин баарын күндөн сактоочу пардалар менен тосуп алыңыз. Бул ыкма менен унаанын ичиндеги температураны 5-7 градуска төмөндөтө аласыз.

-Суу бар жерге токтоп унааны жууп туруңуз. Унаага чаң жабышкан сайын ага күндүн нуру көп жабышат.

-Ысыкта унаага от тамызгыч (зажигалка), чач катыруучу лактарды салып жүрбөңүз, бул буюмдар ысыкта жарылып кетүүсү мүмкүн. Мындан сырткары аудиокассеталарды жана пластикалык буюмдарды алып салыңыз.

Ысыкта бетти кантебиз?

Жайында бетке туура кам көрүү да маанилүү. Себеби ысыкта туура кам көрүлбөгөндүктөн көпчүлүктүн бетине безетки чыгып, же ар кандай тери ооруларын пайда кылышы мүмкүн. Ошондой эле, күнгө туура эмес күйсө, бетке бырыш түшүп, карарып чыгат.

Бетти күн нурунан сактоо үчүн колдонулуучу бет майлар. Мындай учурда күндөн коргоочу бет майдын колго тийгенин колдонуу туура эмес. Бет майлар коргоо күчүнө жараша SPF-( sunprotectionfactor)-күндөн коргоочу фактор 15-20-30 деп SPF 80ге чейин болот. Мындай белгилер күндөн сактоочу бет майдын күчү териңиздин күн нуруна канчалык деңгээлде чыдамдуулугунан мүнөздөлөт. Эгер бетиңиздин териси ысыкка чыкканда 20 мүнөттүн ичинде кызарып, күйө баштаса анда сизге SPF 20дан 30га чейинки бет май керектелет. Эгер аз эле убакыттын аралыгында күн нурун кабыл ала турган болсоңуз же күн нуруна какталып көп жүрө турган учур болсо анда SPF 50дөн 80ге чейинкисин колдонуңуз. Эгер бетиңиз сезимтал же аллергия берүүчү болсо, анда бет майдын курамына көңүл буруп, бал, цитрус өсүмдүктөрү кошулган бет майды албаганыңыз оң. Алар бетиңизди дүүлүктүрүп же аллергия пайда кылат. Бет майдын күн коргоо күчү ар бир эки саатта жоголот. Андыктан 2 саат сайын бетиңизге бет майдан сүйкөп туруңуз.

Эсиңизде болсун! Жайкы ысыкта атайын салондорго барып бетке пилинг жана агартуучу процедураларды жасоо сунушталбайт. Анткени булардан соң беттин териси жукарып, сезгич болуп калат жана күнгө бат күйөт.

Ысыкка карабай иштериңиз менен көчөдө көбүрөөк жүрүп калдыңыз дейли. Үйгө келген алсыраганыңызды байкадыңыз дейли. Ысык өтүп, аптапка алдырганыңыздын белгилерине токтолсок:

-Баштын катуу ооруусу;

-Баш тегеренип, көз караңыгалайт;

-Кусушу ыктымал;

-Температура аябай көтөрүлүп 40-41ге жетип кетет;

-Өтө өтүшүп кеткен учурда адам эс-учун жоготушу мүмкүн.

Жаш балалуу ата-энелерге кеңеш, балаңызга күндүн нуру маанилүү болуп саналат. Эң башкысы кайсы учурда ымыркайды күнгө алып чукса болоруна көңүл буруңуз. Адистер белгилегендей бала күндүн нуру аркылуу Д витаминин алат. Бул үчүн саат 10-11ге чейинки убакта ымыркайды күнгө алып чыксаңыз болот. Андан кийинки учурда күндөн алыс туткан оң. Себеби таңкы 11ден кийинки убактагы күндүн пайдасы болбой, тескерисинче балага зыяндуу нурлар өтүп кетиши толук мүмкүн.

Ошондой эле, жашы улгайган адамдарга да саат 11ден кечки 5ке чейинки аралыкта күндө көп калбоосу сунушталат.

Мээ кайнаткан ысыктан сактанып, өзүңүзгө кам көрүңүз. Ысык, суук болуп жатып, жайындагы гриппке чалдыгуудан абайлаңыз!

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM