Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Балыкчы-Бишкек поезд каттамы жабылды

Кыска кабар | 9 Сен 2019 | 409 | 0

Туристтик сезон аяктагандыгына байланыштуу 8-сентябрда Бишкек-Балыкчы поезд каттамы убактылуу жабылды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, аталган каттам 14-июндан тартып, жайкы эс алуу мезгилине карата каттай баштаган. Быйыл «Кыргыз темир жолу» ишканасы аталган багыт боюнча 19 миң 972 адамды ташып жеткирди. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 13% га көптүк кылат.

Copyright © 2017 Maral FM