Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз темир жолу» 2022-жылы 100 жүк вагон сатып алат

Кыска кабар | 24 Сен 2021 | 574 | 0

«Кыргыз темир жолу» 2022-жылдын аягына чейин 100 жүк вагонун сатып алууну көздөөдө жана мамлекеттик каражаттардын эсебинен 20 км рельс сатып алуу боюнча тендердик иш-чараларды өткөрүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

50 жүк ташуучу вагон 2021-жылдын аягына чейин, калган 50 жүк вагону 2022-жылдын экинчи кварталында сатылып алынат.

Ошондой эле «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы Кытайдын «Инженердик корпорациясынын №3 темир жолу» ЖЧКсы кызматташуу жөнүндө Меморандумуна кол коюшкан.

Бул документ «Кыргыз темир жолунун» стратегиялык өнүгүү планын ишке ашыруу, Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу жана Турксиб – Балыкчы темир жолун электрлештирүү боюнча инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.

Жакын арада аталган кытайлык компаниянын өкүлчүлүгүнүн делегациясы Кыргызстанга келип, жогоруда аталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кеңири талкуу жүргүзүшү күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM