Биз менен байланышыңыз

УКМК: Василий Дашков коррупцияга шектелип кармалган жок

Кыска кабар | 18 мая 2021 | 850 | 0

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору Василий Дашков УКМК тарабынан кармалган жок. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат бөлүмү билдирди.

Буга чейин «Кыргыз темир жолу» ишканасынын башкы директору Василий Дашков УКМК тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин «Kaktus.media» басылмасы коопсуздук органдарынын кызматкерлерине таянып жазган.

Маалыматта бүгүн, 18-майда Дашков коррупцияга шектелип кармалып, УКМКга жеткирилгени айтылган.

Жакында эле «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Василий Дашков кызматынан бошотулганын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы тастыктап, Дашков премьер-министр Улукбек Мариповдун 26-марттагы буйругу менен иштен кеткенин билдирген.

Ишкананын маалымат кызматы 30-мартта билдирүүнү төгүндөгөн болчу.

Кошумчалай кетсек, буга чейин иликтөөчү журналистер Али Токтакунов менен Болот Темиров аталган тармактагы тендерлерди Дашковдун өзүнүн компаниялары утуп келгендигин жарыялашкан.

Copyright © 2017 Maral FM